Махатма Ганди көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери башталды

Жазылуу
Жума күндөн тартып жолдун Жибек Жолу проспектисинен Көкчөтоо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Борбор калаада Махатма Ганди атындагы көчөнү оңдоп-түзөө иштери башталганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул жылы Махатма Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин атындагы көчөлөр 425 миллион сомдук кытай грантынын негизинде оңдолот. 

Ремонт иштеринин башталышынан улам автоунаалар үчүн Махатма Ганди көчөсүнүн Баят базарына жана Көкчөтоо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. 

"Ишемби күнү атайы техника жеткирилгенден кийин оңдоп-түзөө иштери башталат", — деп билдиришти муниципалитеттен.

Мэрия шаар тургундарына алдын ала башка жол маршрутун тандоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0