Эсеп палатасынын аудитору жасалма документтер менен кармалды

Жазылуу
Башкы прокуратура Эсеп палатасынын жасалма документтер менен ЖОЖ аяктаган аудиторуна карата кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 29-май – Sputnik. Башкы прокуратура Эсеп палатасынын аудиторуна карата кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документ, мамлекеттик наам жана мөөрлөрдү жасоо, пайдалануу жана сатуу) жана 160-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.

КР ИИМдин 5-башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тергөө учурунда аудитор жасалма документтердин негизинде эки окуу жайды аяктап, диплом алганы аныкталган.

Маданият министринин орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды
Мындан тышкары, "КР Эсеп палатасы жөнүндөгү" мыйзамын бузуу менен эмгек стажысын жасалма көбөйтүп Эсеп палатасына аудитор болуп дайындалган. 

Кийин жогорку билим тууралуу диплому жок туруп, "Мамлекеттик кызматтын 2 класстагы кеңешчиси", андан соң "Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы кеңешчиси" класстык чиндерине ээ болгон. Мындан улам анын айлык маянасына тиешелүү төлөмдөр кошулуп турган.

Кызматка киришип, чиндерге ээ болгонго чейин аталган аудитор эки жолу сот жоопкерчилигине тартылган. 

Учурда кылмыш иши Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0