Уюн сатып, эстелик тургузган айыл тургуну "Жыл адамы" болду

© фонд имени Мухтара ОмуракуноваТаалайбек Боромбаев үйбүлөсү менен. Архив
Таалайбек Боромбаев үйбүлөсү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухтар Өмүракунов атындагы фонд уюн сатып өз күчү менен Улуу Ата Мекендик согушка арналган эстелик тургузган Талаайбек Бороновду "Жыл адамы" атады.

БИШКЕК, 29-май – Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Корумду айлынын тургуну Таалайбек Боромбаев Мухтар Өмүракунов атындагы фонд тарабынан "Жыл адамы" аталды. I топтогу майып эстелик тургузуу үчүн уюн саткан. Дагы бир уюн жана бир нече коюн союп айкел тургузган жумушчулардын тамагын даярдаган.

Үч мармар таштан турган эстеликте жоокердин элеси чагылдырылып, Корумду айылынан Улуу Ата Мекендик согушка барган катышуучулардын аты-жөнү чегилген. Жалпы жонунан мемориалга 4 миң доллар сарпталган.

Уйдун акчасына тургузулган монумент Ысык-Көлдө ачылды
Sputnik агенттиги Боромбаевдин аракети тууралуу жазып чыккандан кийин эстелик тургуузуга жардам берүүнү каалаган адамдардын саны көбөйгөн.

Эстеликти ачуу салтанаты Улуу Жеңиштин 70 жылдыгында – 9-май күнү өткөн.

Фондунун атынан Боромбаевге жасаган ишине ыраазычылык билдирүү үчүн 30 миң сом өлчөмүндө сыйлык берилген. 

Мындан тышкары, Мухтар Өмүракукнов атындагы фонд ар кыл тармакта өзүн көрсөтө алган кыргызстандык жарандарды белгилеп өткөн. Алардын ичинде "Жыл мугалими" болгон Жолдошбек Акимжанов, Талас облусунда "Айыл чарба платформасын" түзүп ишке киргизген Санжар Султанкулов ж.б. бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0