Кыргыз эл Баатыры, народный поэт Кыргызстана Сооронбай Жусуев

Эл баатыры Сооронбай Жусуев 90 жылдык юбилейи белгиленүүдө

131
(жаңыланган 14:00 07.10.2015)
Эл акыны Сооронбай Жусуевдин 90 жылдык юбилейине карата президенттин атынан 500 миң сом тапшырылды.

БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Сооронбай Жусуевдин 90 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда коомчулуктун катышуусу менен белгиленди. 

Президентинин аппараттын жетекчиси Нарынбаев юбилярга призидент Алмазбек Атамбаевин атынан 500 миң сом тапшырып, куттуктоосун окуду.

Атамбаев Кыргыз Эл акынын кутман курак менен куттуктап, анын чыгармачылыгы калың кыргыз журтчулугунун элегинен өтүп, өз ордун тапканын белгилейт.

"Кыргыз журтчулугу Сизди көркөм сөз чебери, кыргыз поэзиясында өзүнүн татыктуу орду бар белдүү жазуучулардын бири катары билет. Чыгармаларыңыздын өз окурмандарын табышы – түйшүктүү чыгармачылыгыңыздын жемиши. Дүйнөгө таанымал акындардын эмгектерин кыргыз окурмандарына тартуулап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым коштуңуз", — деп айтылат куттуктоодо.

Кыргыз Эл Баатыры Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. 18 жашында армияга алынып, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн.

131
Белгилер:
Сооронбай Жусуев, юбилей, Кыргыз Эл акыны
Тема боюнча
Сооронбай акындын жааган октун алдындагы өмүрү
Акын жана согуш ардагери Сооронбай Жусуев кийинки муундарга насаатын айтты

Алия Шагиеванын атасына арнаган эмгектери. Аянттагы акциянын видеосу

19
"Ала-Тоо" аянтында "Ветер перемен" аталышындагы акция өттү. Аны мурдагы президенттин кызы Алия Шагиева уюштурду.

Акция саясий репрессияга каршы багытталып, Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдыгына арналды. Шагиева көргөзмөгө бир нече картиналарын жана тематикалык инсталляцияларды алып чыкты. Жасаган эмгектерин Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.

Иш-чарага Атамбаевдин үй-бүлөсү жана үзөңгүлөштөрү катышты.

Атамбаев эки жылдан бери абакта отурат. Ден соолугу начарлаганына байланыштуу учурда №47 колонияда кармалууда.

19
Белгилер:
Алия Шагиева, акция, көргөзмө, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Алия Шагиева атасы Алмаз Атамбаевге арнап аянтта акция уюштурду. Сүрөт
Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолукту
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров Тажикстандан түз эле Ошко келди

73
(жаңыланган 19:19 17.09.2021)
Мамлекет жетекчисинин коңшу өлкөгө сапары эки күнгө созулду. Анда ЖККУ жана ШКУ саммити өттү.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажикстанга барган президент Садыр Жапаровдун сапары жыйынтыкталып, Ош шаарына келгенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси Душанбе шаарында 16-17-сентябрь күндөрү өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. Жыйынтыгында декларациялар кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлган.

"Иш сапары аяктаган соң президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, "Өзгөн-Мунара-2021" этнофольклордук фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына келди", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөн шаарында өтө турган иш-чара саат 20.25те башталмакчы.

73
Белгилер:
Садыр Жапаров, Тажикстан, Ош, иш сапар, фестиваль
Тема боюнча
Жапаров эмненин негизинде Калиев менен Авазовго ырайым берди? Расмий жооп
Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн "Кохи Навруз" комплексине келди