Электр энергиясынын тарифи июнда кымбаттабай калды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭлектр подстанциясы. Архив
Электр подстанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясына болгон бааны жогорулатуу Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жашаган калктын абалын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек дейт мамлекеттик агенттик.

БИШКЕК, 29-май – Sputnik. Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу мөөнөтү кийинкиге жылдырылганын Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Лампа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1-июндан тарта электр энергиясына жаңы тариф кирет
Алмазбек Атамбаев 28-май күнү премьер-министрди кабыл алып жатып, өкмөттүн электр энергиясына болгон бааны 70 тыйындан 84 тыйынга чейин жогорулатуусун кайра карап чыгуу керектигин жана бийик тоолуу аймактарда жашаган калктын жашоо-турмушун эске алуу зарылдыгын белгилеген.

Маалыматка ылайык, агенттик тарабынан аталган тариф өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда жашаган тургундарды электр менен жабдуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кошумча эсептелинет.

Мындан улам тарифтик саясатка ылайык, жаңы тарифтерди киргизүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0