Жол кайгуул кызматы Бишкектеги акыркы коңгуроонун жыйынтыктары боюнча маалымдады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгул кызматы иш убагында. Архив
Жол кайгул кызматы иш убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан жол кырсыгы бир сутка ичинде борбор калаада катталган жок.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан жол кырсыгы бир сутка ичинде борбор калаада катталбаганын шаардык ИИББдин Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Атыра Бекмурзаева билдирди.

"Бир суткада 12 жол кырсыгы катталып, 15 киши жаракат алды. Ал эми мектеп бүтүрүүчүлөрү боюнча 42 протокол түзүлдү. Алардын машиналары автоунаа токтотуучу жайга токтотулду", — деди Бекмурзаева.

Бүтүрүүчүлөр акыркы коңгуроону жол эрежелерин бузуу менен белгилешти
Ал ошондой эле, бүтүрүчүүлөр катышкан жол кырсыгы бактыга жараша болбогонун кошумчалады.

Жума күнү жол эрежесин одоно бузуп жүргөн окуучулардын видеосу Sputnik сайтына жарыяланган. Аталган окуя тууралуу айткан маалымат катчы, учурда жол кайгуул кызматынын жеке курамы видеодогу автомашиналарга көңүл буруп, аларды кийинки жумаларда кармашы мүмкүндүгүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0