Коргоо министрлиги ЖОЖдогу аскер кафедраларын жоюуну сунуштоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековТизилип турган жоокерлер. Архив
Тизилип турган жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик өз сунушун аскердик кызмат өтөй турган жарандардын санынын кыскарышы, мобилизациялык ресурстардын туура эмес колдонулушу жана военкоматтарда коррупциялык көрүнүштөрдүн көбөйүшү менен түшүндүрүүдө.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Коргоо министрлиги ЖОЖдогу аскер кафедраларын жоюуну сунуштап жатат.

Министрлик тарабынан демилгенленген мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Чек ара кызматынын 240 аскери мекенге кызмат өтөө үчүн ант берди
Министрлик өз сунушун аскердик кызмат өтөй турган жарандардын санынын кыскарышы, чакырылгандардын аскер учетунун төмөн деңгээли, мобилизациялык ресурстардын туура эмес колдонулушу жана военкоматтарда коррупциялык көрүнүштөрдүн көбөйүшү менен түшүндүрүүдө.

Аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн мекеме ЖОЖдогу аскер жана ошондой эле медициналык багыттагы жогорку билим берүү кафедраларын жоюуну сунуштап жатат. Мындан тышкары, "ден соолугуна байланыштуу" себебин жоюу менен альтернативалык кызмат өтөө үчүн негиздемелерди кыскартуу, кыска мөөнөттүү аскер кызматын киргизүү жана алгачкы аскердик жыйындарды алып таштоо демилгеленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0