Борбор аянтта бара жаткан автоунаа. Архив

Ала-Тоо аянтынан жол эрежесин бузган дипломатиялык автоунаанын айдоочусу жумуштан алынды

39
(жаңыланган 17:59 01.06.2015)
Интернетте Т 60 017 кызыл мамлекеттик номерлүү автомашинанын Ала-Тоо аянтындагы "Илбирс" имаратынын жөө баскандарга арналган жолунан өтүп, ыңгайсыздык жараткан видеосу жарыяланган болчу.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Ала-Тоо аянтынан жол эрежесин бузган дипломатиялык автомашинанын айдоочусу жумуштан алынганын КР Тышкы иштер министринин маалымат кызматы билдирди.

Интернетте Т 60 017 кызыл мамлекеттик номерлүү автомашинанын Ала-Тоо аянтындагы "Илбирс" имаратынын жөө баскандарга арналган жолунан өтүп, ыңгайсыздык жараткан видеосу жарыяланган болчу. Ыңгайсыздык жараткан автоунаа Япониянын эл аралык кызматташтык агентигинин (JICA) долбооруна тиешелүү экени аныкталып, агенттиктин өкүлчүлүгү окуя боюнча түшүндүрмө берген.

Аталган окуя боюнча КР ТИМи Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине нота жиберген болчу. 

Дүйшөмбү күнү аталган министрлик Япониянын эл аралык кызматташтык агентигинин (JICA) долбоорунан нота алган. Анда 20-майда жол эрежесин бузган Т 60 017 кызыл мамлекеттик номерлүү автомашинанын айдоочусу кызматынан алынганы жазылган.

Ошондой эле, Япониянын агенттигинин өкүлүчүлүгү мындай мыйзам бузууларды дагы болтурбоо үчүн бардык керек болгон чаралар көрүлө турганын айтып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

39
Белгилер:
нота, Тышкы иштер министрлиги, JICA, Япониянын эл аралык кызматташтык агентиги
Тема боюнча
"Ала-Тоо" аянтында жол эрежесин бузган автомашина Япониянын JICA долбооруна таандык
JICA "Ала-Тоо" аянтында эреже бузган автомашина жөнүндө түшүндүрмө берди
Пикирлер