Тез жардам берүү кызматкерлери. Архив

Москвадагы жол кырсыгынан каза болгондор башка өлкөнүн жарандары экени аныкталды

145
(жаңыланган 18:39 01.06.2015)
Жол кырсыгынан жапа чеккен дагы бир 65 жаштагы аял каза болуп, учурда анын өздүгү такталууда.

БИШКЕК, 1 июнь — Sputnik. Москвадагы жол кырсыгынан набыт болгондор Армения, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары экендиги аныкталганын Россиядагы КР элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева маалымдайт.

Кырсык дүйшөмбүгө караган түнү Москва шаарынын батыш тарабында МКАДдан үч чакырым алыстыктагы М-3 "Украина" федералдык трассасында болгон.

Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын билдирүүсү боюнча, кырсык үч унаанын — ВАЗ-2114, автожүктөгүч жана "Тойота" маркасындагы микроавтобустун кагылышуусунан улам келип чыккан. Машинанын бирөө аласалып кеткен. 

"Такталган маалыматтарга ылайык, жол кырсыгынан көз жумгандар Армения, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары экендиги аныкталды", — деди Кулукеева.

Буга чейинки маалыматтар боюнча кырсыктан жапа чеккен дагы аял каза болуп, учурда анын жарандыгы такталууда.

Дипөкүлдүн айтымында, аял шаардык ооруканалардын бирине жеткирилигнеден кийин көз жумган.

"65 жаштагы аялдын жанында документтери жок болгондуктан, учурда өздүгү такталууда", — дейт Кулукеева.

Кырсыктын кесепетинен "Тойота Альфард" кичиавтобусундагы (мамлекеттик номер 2514 SAL) жети жарандын төртөө каза болду:

  • В.А.Аветисян 1978-жылы туулган.
  • Е.А. Исакова 1975-жылы туулган. 

Каза болгон эки жарандын ким экени такталууда. 

Жаракат алып ооруканага жеткирилгендер: 

  • Ш.К. Исаева, 32 жашта. Мээси чайкалып, акыреги, кабыргалары жана жамбашы сынып, Боткин атындагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. 
  • Т.К.Масалиев, 23 жашта, мээси чайкалып, тизеси сынып шаардык №1 ооруканасына жеткирилген.
  • Д.У. Исмаилова 48 жашта. Түрдүү жаракаттарды алып, шаардык №1 ооруканага жеткирилген.

145
Белгилер:
элчилик, жол кырсыгы, оорукана, Айымкан Кулукеева, Москва
Тема:
Москвадагы ири жол кырсыгына КР мамлекеттик номерлүү автоунаа катышты (7)
Тема боюнча
Москвадагы жол кырсыктан каза болгондордун ысымдары белгилүү болду
Москвада жол кырсыктан каза болгондор боюнча маалыматты элчилик тактоодо
Москвада каза болгон мекендештин сөөгүн жөнөтүүдө кыргызстандыктар биримдигин көрсөттү
Пикирлер