Аскерлер. Архив

"Кант" авиабазасында кыргыз-орус машыгуулары жүрүүдө

38
(жаңыланган 12:01 02.06.2015)
Буга чейин эки өлкөнүн аскерлери тарабынан тактикалык-атайын жана аба-десанттык даярдануунун, өзү учуучу учактарды пайдалануу менен чалгындоо жана тоо шартында атышуунун жолдору иштелип чыккан.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Кыргызстандын улуттук гвардиясынын "Пантера" атайын бригадасынын жана россиялык аба-десанттык аскер жоокерлери Кант авиабазасында аскердик-тактикалык машыгуулардын активдүү бөлүгүн башташканын Sputnik агенттигине авиабазанын өкүлү Юрий Кононов билдирди.

Машыгуулар 25-майдан 5-июнга чейин "Пантера" бригадасынын жана россиялык "Кант" авиабазасынын аймагында өтүүдө. Буга чейин эки өлкөнүн аскерлери тарабынан тактикалык-атайын жана аба-десанттык даярдануунун, өзү учуучу учактарды пайдалануу менен чалгындоо жана тоо шартында атышуунун жолдору иштелип чыккан.

"Шейшемби күнү Кант аэродромунда өтө турган машыгуулардын активдүү бөлүгүнүн ачылышы болот. Жоокерлер МИ-8 вертолеттору менен келип, өрттөнүп жаткан имаратка чабуул коюшат, "Орлан-10" жана "Элярон-3" өзү учуучу учактарды учурушат", — дейт Кононов.

Кант базасындагы аскердик окуулардан кийин жоокерлер бийик тоолуу "Таатыр" капчыгайында болушат да, ал жактан тоодо жүрүү, чалгындоо жана бийиктикке чыгууга такшалткан ыкмаларды үйрөнүшөт.

Кононов машыгуулар кыргыз-орус аскердик шериктештикти бекемдөөнүн алкагында өтүп жатканын белгиледи.

Кыргызтанда учурда Россиянын жарандык жана аскердик бир катар объектилери — Каракол шаарында сыноо базасы, Чалдыбарда байланыш түйүнү жана Майлы-Сууда автономиялык сейсмикалык пункту жайгашкан. Ал эми Канттагы россиялык авиабаза он эки жылдан бери иштеп келе жатат.

38
Белгилер:
аскердик окуу, "Кант" авиабазасы, Юрий Кононов, Кант, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Канттагы авиабазада Россиянын Коргоо министрлигинин инспекциясы текшерүү жүргүзүүдө
Кант авиабазасынын аскер кызматкерлери парашюттан секирүү боюнча машыгууда
Пикирлер