Мечит. Архив

Диний агымдардын курмандыгы болуп калбоо жолдорун Алайда талкуулашты

22
(жаңыланган 12:39 02.06.2015)
Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты боюнча концепциясынын алкагында республиканын аймактарында ислам дини, диний радикалдык багыттарды так ажыратып билүү, терроризм менен экстремизмдин кооптуулугу туурасында окутуулар өтүп жатат.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Алай районунун "Гүлчө" борбордук мечитинде райондун бардык айылдарынын жашоочулары жана имамдары үчүн диний сабатсыздыкты жоюу боюнча конференция өттү. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов келген жамаатка ынтымак, кечиримдүүлүк, ыйман жана илим алуу маселеси боюнча баян жасап, аят, хадистер менен кеңири түшүндүрүп берди. 

Мындан сырткары илим алуу диний түшүнүктү жогорулатып, ар түрдүү терс агымдардын курмандыгы болуунун алдын алаарын өзгөчө белгиледи.

Мындай жыйындар Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2014-2020-жылдарга карата концепциясынын алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда өткөрүлдү.

22
Белгилер:
экстремизм, терроризм, ислам, дин, Алай району
Тема боюнча
Депутат диний кырдаал боюнча мекеме аралык комиссия түзүүнү сунуштады
Атамбаев жана Туск Борбор Азиядагы диний абал туурасында сүйлөштү
Америка жараны Ошто диний абал туурасындагы маалымат топтоп жүргөн жеринен кармалды
Пикирлер