Ажыга бара тургандарды каттоо аяктады, эми чүчү кулак менен тандоо башталат

Ажыга бара тургандарды каттоо аяктады, эми чүчү кулак менен тандоо башталат

72
(жаңыланган 18:00 02.06.2015)
Меккеге зыярат кыла тургандар каттоодон өткөндөн кийин электрондук чүчү кулак аркылуу тандалат. Бул сапар ажылыкка бара тургандар былтыркыга караганда аз катталды.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Меккеге зыярат кылам дегендерди 2015-жылкы ажылык сапарга каттоо токтотулду. Быйыл өлкө аймагында 3295 жаран каттоодон өттү. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Аймактык казыяттардын маалыматында, Баткен облусунан 288, Ош облусунан 914, Ош шаарынан 241, Жалал-Абаддан 767, Чүйдөн 546, Бишкектен 360, Таластан 37, Нарындан 51, Ысык-Көл облусунан 91 жаран каттоодон өткөн.

Зыяратка бара тургандар каттоодон өткөндөн кийин электрондук чүчү кулак аркылуу тандалат. 

2015-жыл ажыга барып мусулмандык милдеттеринин бирин аткарып келүүчүлөргө 3 685 орун берилген. 

2014-жылы 8200дөн ашуун жаран каттоодон өтүп, жогорудагыдай эле система менен 3 685 адам тандап алынган.

72
Белгилер:
чүчү кулак, каттоо, зыярат, ажылык сапар, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Мекке
Тема:
Ажылык – 2015 (42)
Тема боюнча
Ажылыкка каттоо 1-июнда токтотулат
Замир Ракиев: ажылыктын акысы жол кире менен тамак-аштын эсебинен кымбаттады
Депутат ажылык сапардын баасы 2,5 миң долларга чыккандыгына нааразы
Пикирлер