Кожомкул атындагы спорт ордосу. Архивное фото

Касенов: Спорт сарайынын бассейнин оңдоого $3,5 миллион көптүк кылат

23
(жаңыланган 17:57 02.06.2015)
Эки жыл мурун ошол убактагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Спорт ордосунун бассейнин оңдоого тапшырма берген. Буга 3,5 миллион доллар акча каражаты бөлүнөрү айтылган.

БИШКЕК, 2 июнь — Sputnik. Кожомкул атындагы спорт ордосунун бассейнин оңдоп-түзөөгө жумшала турган каражат өтө көп экенин "Спорттук курулуш жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" (СКСКБ) мамлекеттик ишканасынын директору Эдил Касенов билдирди.

Эки жыл мурун ошол убактагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Спорт ордосунун бассейнин оңдоого тапшырма берген. Буга 3,5 миллион доллар акча каражаты бөлүнөрү айтылган.

Өткөн жылдын аягында СКСКБ жетекчилигине дайындалган Касенов Sputnik агенттигине бөлүнө турган каражат өтө эле көп экенин билдирип, учурда бул долбоор үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, сарптала турган каражатты актоого жөндөмдүү долбоор экендиги инвесторлор үчүн чоң артыкчылык болот.

"Бул жолу каражаттын көлөмү мурункудай болбойт. Сентябрь айында келишимге кол коюлуп, иш башталып калат деген ойдомун", — деди Касенов.

Бассейнди оңдоого жумшала турган каражат азыр аныктала электигинен улам, Касенов жалпы сумманы айта алган жок. Болгону эки жыл мурункуга караганда кыйла аз болору белгилүү болду.

Спорт сарайы 1974-жылы курулуп, ал эми 1979-жылы жападан жалгыз 50 метрлик бассейн ачылган. Учурда бассейн иштебей турат.

23
Белгилер:
оңдоп-түзөө иштери, бассейн, Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы, Эдил Касенов, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Дубайда эл аралык турнирге катышат
Махатма Ганди көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери башталды
"Газпром Кыргызстан" компаниясы "Ташкент-Бишкек-Алматы" газ түтүктөрүн оңдойт
Пикирлер