Жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 упайдан кем алгандар ЖОЖго өтпөйт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСынак тапшырып аткан окуучу. Архив
Сынак тапшырып аткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖРТ эрежелери мамлекеттик да, жеке менчик окуу жайларына да тиешелүү болуп, окуунун бюджеттик же келишимдик негизде экенине карабайт.

БИШКЕК, 2 июнь — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 упайдан кем алган абитуриенттер ЖОЖго өтпөй турганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 

Мекеме үстүбүздөгү жылдын башында ЖРТнын жыйынтыгы менен кеминде 110 упайга ээ болгондор гана ЖОЖго өтө тургандыгы каралган эрежелер киргизилгенин белгилейт. Мында окуунун бюджеттик же келишимдик негизде экенине басым жасалбайт.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева тестирлөө бүтүрүүчүнүн мектептен алган билимин пайдалануу жөндөмүн аныктай турганын билдирди.

"Биз абитуриенттерди да, алардын ата-энелерин да алдай албайбыз. Эгер бүтүрүүчү ЖРТ 110дон кем упайга ээ болсо, анда ал "үч" деген баага татыктуу экенин билдирет. Буга чейин министрлик босоголук чекти төмөндөтүү менен айрым мамлекеттик университеттердеги орундарды толтуруп келген. Бул универстиеттин да, билимдин да сапатын начарлаткан", — деди министр.

Министрликтин бул чечимин  өткөн жылдардагы абитуриенттерди ЖОЖго кабыл алуу боюнча комиссиянын иш жыйынтыктары негиз болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0