Ипподромдо чогулган көйармандар. Архив

Кыргызстандыктардын саны 15 жылдан кийин жети миллиондон ашат

63
(жаңыланган 19:42 02.06.2015)
Учурда кыргызстандыктардын саны 5,8 миллион адамга жакын.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. 2030-жылга чейин Кыргызcтан элинин саны 7,5 миллионго жетээри болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу эл аралык конференцияда билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 5,8 миллион киши жашайт.

"2030-жылы демографиялык өсүштүн эң бийик чеги катталат, бирок андан ары калктын саны азаюуга бет алат деген божомол бар",— деди Асанбаев. 

Министрдин орун басары Кыргызстан калкынын болжолдонгон 7,5 миллионунун 2,5 миллиону эмгек миграциясынын жагдайларынын бири болгон турак жай сатып алуу, куруу маселесине туш болоорун кошумчалады.

63
Белгилер:
демография, калк, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Алмазбек Асанбаев
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстанга келе турган туристтердин саны 150 миңге көп болушу күтүлүүдө
Дүйнөдөгү мусулмандардын саны 2050-жылы 73%га өсөт
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 100 миңге жакындады
Пикирлер