Оң рулдуу автоунаа. Архив

Бүгүн Кыргызстанга кирген оң рулдуу автоунааларды каттай турган акыркы күн

56
(жаңыланган 11:59 03.06.2015)
Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 27-февралында Кыргызстандын аймагына оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө жана каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон.

БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандагы автоунааларды каттоодон өткөрө турган акыркы күн. 

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 27-февралында Кыргызстандын аймагына оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө жана каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Мыйзамда бул тыюу салуу жол кырсыктарын азайтуу максатында жасалып жаткандыгы жазылган. Мындай чектөө комуналдык, айыл чарбасы жана атайын техникаларга киргизилбейт. 3-мартта мыйзам "Эркин Тоо" гезитине расмий жарыяланып, ал үч айдан кийин күчүнө кире тургандыгы айтылган. 

Мамлекеттик каттоо кызматынан Sputnik маалымат сайтына 2014-жылы каттоодон 51 миң 83 автоунаа өткөндүгүн билдиришти. Ал эми 2015-жылдын апрель айына карата 5076си катталган. 

Кыргызстандын аймагына алып кирген оң рулдуу автоунааларды каттатканга жетишпегендер куру жалак калышат. Ал эми өз учурунда каттатпаган жеке тараптар 1000 сом, ал эми юридикалык тараптар 2000 сомдон айып тартышат. Бирок, каттоонун мөөнөтүн узартуу каралган эмес. 

Мамлекетти каттоо кызматынан каттап, экзамен тапшыра турган борбордук бөлүмдө азырынча ажитож жоктугун, бирок, кечээтен тарта кезекке турагандар көбөйө баштагандыгын билдиришти.

Эгерде эл көбөйүп кетсе, каттоо бөлүмүнүн иш күнү узартылышы мүмкүндүгүн айтышты. Каттоодон өткөн оң рулдуу автоунаалар Кыргызстандын аймагында ээн-эркин жүрө алат.

56
Белгилер:
Оң рулдуу автоунаа, каттоо, авто, Мамлекеттик каттоо кызматы, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Оң рулдуу унааны өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну КСДПчылар колдоду
Кулов: жайында бензиндин бардык түрү 1,5 сомго кымбаттайт
Пикирлер