Түштүк Корея Кыргызстандагы шайлоо процесстерин жакшыртууга миллион доллардан ашык каражат бөлөт

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоого даярдануу. Архив
Шайлоого даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстандагы шайлоо процесстерин жакшыртуу" деп аталган кыргыз-корей биргелешкен долбоордун алкагында буга чейин 5 млн. доллар бөлүнгөн.

БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Түштүк Корея Кыргызстандагы шайлоолордогу добуш берүүнү жакшыртуу үчүн 1 млн. 150 миң доллар бөлөт. Бул туурасында Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Жонг Бёнг-ху БШК жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов менен жолугуп жатканда айтты. 

Миллиондон ашуун бул каражат БШКнын борбордук серверин жабдууга каралмакчы. Элчи менен БШК жетекчиси кыргыз-корей тараптардын "Кыргызстандагы шайлоо процесстерин жакшыртуу" боюнча биргелешкен долбоордун ишке ашуусун талкуулагандыгын БШКнын маалымат кызматы билдирди. 

"Жолугушуу учурунда элчи 2015-жылдын 17-майында өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоо процесстеринде жаңы ыкмалар жана жаңы технологиялар колдонулганына канааттангандыгын айтты", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Элчи күздөгү шайлоо улам жакындап келе жаткандыгын, андыктан кыргыз тараптын добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарды алып шайлоо участокторун камсыздоону тездетүү зарылдыгын белгилеген. 

Аталган ведомствонун маалымат кызматы"Кыргызстандагы шайлоо процесстерин жакшыртуу " долбоорунун алкагында Түштүк Корея буга чейин 5 млн. доллар карагандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0