Оң рулдуу авто. Архив

Оң рулдуу автоунаалардын каттоо мөөнөтүн алып салуу сунушталууда

146
(жаңыланган 14:21 09.07.2015)
3-июнь – Кыргызстанга киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү.

БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. Республикага киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун мөөнөтүн алып салуу керектигин Sputnik агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

3-июнь – Кыргызстанга киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү. Февраль айында президент Алмазбек Атамбаев КР аймагына оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон.

3-мартта аталган мыйзам расмий түрдө мамлекеттик "Эркин Тоо" гезитине жарыяланып, үч айдан кийин, б.а., 3-июнда ишке киргизилери белгилүү болгон.

Бекешев оң рулдуу автоунааларды киргүүзө тыюу салуу жана каттоо мөөнөтүн алып салуу каралган "Жол кыймылы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. 

"Мыйзамды кабыл алууда катачылыктар кеткен. Бизде киргизүүгө тыюу салынган, бирок киргизип алган автоунааларын каттоодон өткөрө электер да бар. Сатуучу табылмайынча каттоодон өткөрбөй жүрө берүү көнүмүшкө айланган. Курулай акча коротууну каалашкан эмес, эгер кимдир бирөөнүн 5 унаасы болсо, дагы бирөөнүн 50 машинасы бар", — дейт депутат.

Эл өкүлү кечээ көпчүлүк унааларын шашылыш каттатууга аракет кылышканын, мындан улам ажиотаж жаралганын белгиледи. 

"Унааларды каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Болбосо, юридикалык жактан түшүнбөстүктөр пайда болот: адам машинанын ээси болгону, менен аны пайдалана албай калат", — деди Бекешев.

Мыйзам оң рулдуу автоунаалардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын азайтууга багытталган. Кыргызстандын аймагына коммуналдык, айыл чарба жана атайын унаалардын тышкаркы оң рулдуу автомашиналарды киргизүүгө тыюу салынган.

146
Белгилер:
Оң рулдуу автоунаа, Мамлекеттик каттоо кызматы, Дастан Бекешев, Кыргызстан
Тема боюнча
Үч айдан кийин оң рулдуу машиналарды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынат
Былтыр Чүйдө сол рулдууларга караганда оң рулдуу машиналар 2,5 эсе көп катталган
Өлкөдө 2016-жылдан баштап оң рулдуу автоунаалардын жүргүнчү ташуусуна тыюу салынат
Пикирлер