БШК жетекчиси парламенттик шайлоону 24-октябрга белгилөөнү сунуштап жатат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКыргызстанда шайлоо. Архив
Кыргызстанда шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолор" тууралуу мыйзамда шайлоо аракеттеги чакырылыштын Конституциялык мөөнөтү бүткөн айдын биринчи жекшембисинде болушу керектиги көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 3-июнь— Sputnik. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов парламенттик шайлоону 24-октябрга белгилөөнү сунуштады деп билдирди анын орун басары Гүлнара Журабаева.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда болушу ыктымал
Быйыл парламенттин VI чакырылышына шайлоо болот, бирок, президент да, парламент да, БШК да так датасын аныктай элек. 

Журабаеванын айтымында, БШК шайлоонун кайсы күнү болорун коллегиялык түрдө талкуулай элек, себеби буга чейин депутаттар "конституциялык мөөнөт" деген түшүнүктү карап жана аныктай элек. 

Анын айтымында, термин өзү акырына чейин түшүндүрүлүп берилген эмес, андыктан, мыйзамда конституциялык мөөнөт бүткөн ай, шайлоо өткөн турган айга туура келет деп айтылат. Ал эми башкалар аталган мөөнөт БШК шайлоолордун жыйынтыгы туурасында кабыл алган чечимдин мезгилине туура келет дешүүдө.

"Конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшембиси же 4-октябрга же 1-ноябрга туура келет. Шайлоо да ошол учурда өтүшү керек", — деди Журабаева. 

Ал БШК шайлоо күнүн так аныкташ үчүн ЖК депутаттары сессиянын аягына чейин мыйзамга түзөтүү киргизиши зарыл экендигин айтты.


Жаңылыктар түрмөгү
0