БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 3-июнда Башкы прокуратуранын ЖК депутаты Карганбек Самаковго карата үй камагына алуу чечимин камакка алууга өзгөртүп берүү боюнча доо арызын караганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Октябрь райондук соту депутат Карганбек Самаковго карата бөгөт коюу чарасын карап, эки айга үй камагына алуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, депутат аталган райондон тышкаркы жактарга тергөө органдарынын уруксаты менен гана чыгуусу каралган.
Карганбек Самаковго Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси, Коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, 15-майда камакка алынган. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө депутат Чүй облусуна караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.