Документке кол коюу. Архив

Оң рулдуу автоунааларды каттоо акыркы кардарга чейин жүргүзүлөт

31
(жаңыланган 13:35 03.06.2015)
Эс алуу күндөрү экенине карабастан, 2-3-июнда "Риом" базарында оң рулдуу автоунааларды каттоо жүрүп жатат. Каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмү акыркы кардарга чейин иштейт.

БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. Оң рулдуу автоунааларды каттоо акыркы кардарга чейин жүргүзүлө турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

3-июнь – Кыргызстанга киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү. Февраль айында президент Алмазбек Атамбаев КР аймагына оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Аталган мыйзам 3-мартта расмий түрдө мамлекеттик "Эркин Тоо" гезитине жарыяланып, үч айдан кийин, б.а., 3-июнда ишке киргизилери белгилүү болгон.

МКК маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек боюнча 128 унаа кааттодон өтсө, "Риом" базарында 4 миң 800 машина катталган.

Буга байланыштуу, базар үчүн эс алуу күнү экенине карабастан, 2-3-июнда "Риомдо" оң рулду автоунааларды каттоо жүрүп жатат. 

Автомотоунаа каражаттарын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Мухтар Жунушевдин айтымында, каттоо графиги акыркы кардарга чейин узартылды.

Оң рулдуу автоунааларды КР аймагына киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзам аталган автоунаалардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын азайтууга багытталган. Кыргызстандын аймагына коммуналдык, айыл чарба жана атайын унаалардын тышкаркы оң рулдуу автомашиналарды киргизүүгө тыюу салынган.

31
Белгилер:
Оң рулдуу автоунаа, Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Үч айдан кийин оң рулдуу машиналарды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынат
Былтыр Чүйдө сол рулдууларга караганда оң рулдуу машиналар 2,5 эсе көп катталган
Өлкөдө 2016-жылдан баштап оң рулдуу автоунаалардын жүргүнчү ташуусуна тыюу салынат
Пикирлер