Бүгүн Бишкекте күн 32 градуска чейин ысыйт

Жазылуу
Өлкө аймагындагы тоолуу райондордо жана тоо этектеринде күндүз өткүн өтөт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында күн 30-32 градуска чейин ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаада батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с болуп, түнкү абанын температурасы +15…+17 градус болот.

Ал эми өлкө аймагындагы тоолуу райондордо жана тоо этектеринде күндүз өткүн өтүп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0