Бала бакчадагы бала. Архив

Балдарды коргоону ар тараптан жакшыртуу боюнча улуттук форум башталды

49
(жаңыланган 13:02 04.06.2015)
Кыргызстанда балдарга карата жасалган зордук-зомбулук фактылары жана өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусуна байланышкан фактылар улам арбууда..

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Борбор калаада балдардын укугун коргоо жана аларга ар тараптан камкордук көрүү боюнча улуттук форум ишин баштады.

Бул иш-чара менен өкмөт социалдык тармакта кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, балдарды кароо системасын реформалоону көздөп жатат. 

Акыркы учурда өлкөдө балдарга карата ыдык көрсөтүү, зордук-зомбулук кылуу фактылары улам арбып барат. Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу фактылары көп кездешүүдө. 

Жыл башында президент Атамбаев балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо фактылары кайталангандыгына байланыштуу өкмөткө мындай окуялардын алдын алуу боюнча тез арада координацияланган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тапшырмасын берген. 

Балдарга жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Социалдык өнүгүү министрлиги план иштеп чыккан.

49
Белгилер:
камкордук, форум, балдар, зомбулук
Тема:
Балдарга жасалган зордук-зомбулук (42)
Тема боюнча
Бишкек паркына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти
Кулов педофилияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнү сунуштады
Кичине кыздарды зордуктоого байланышкан иш боюнча комиссиялык сотмедэкспертиза дайындалды
Пикирлер