Парк территориясында курулуш иштери. Архив

Парк аймактары байлардын турак-жайына айланууда

29
(жаңыланган 12:42 04.06.2015)
Сейил бактарынын жана балдар аянтчаларынын ордуна турак-жайлардын курулушу өлкөдөгү коррупциянын жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Байлардын парк жана балдар ойной турган аянтчаларга мыйзамсыз турак-жай куруп жатышы коррупциянын гүлдөгөн деңгээлинен кабар берет деген оюн депутат Бактыбек Калмаматов парламенттин жыйынында билдирди.

"Жерге жетпей жүргөндөр миңдеп саналып жатса, байлар турак жай куруу үчүн парктагы бактарды кыйышууда. Бул боюнча өз кезегинде атайын кызмат түзүлгөн, тилекке каршы, ал өз милдеттерин аткарбай калды", — дейт эл өкүлү.

Депутаттын айтымында, бул сыяктуу фактылар мамлекетте коррупциянын чегине жеткенинен кабар берип турат.

29
Белгилер:
мыйзамсыз курулуштар, Жогорку Кеңеш, Бактыбек Калмаматов, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутат Бекешов Фучик паркындагы курулуштун иликтенишин талап кылууда
Бишкектеги Фучик паркында жер тилкеси сатыкка коюлган
Пикирлер