Кен иштетүү. Архив

Таластыктарга Жерүй кенин иштетүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүштү

33
(жаңыланган 12:43 04.06.2015)
Жергиликтүү тургундар кенди иштетүү аймакка зыянын гана тийгизет деп эсептегендиктен, алтын казуу иштерине каршылык көрсөтүп келишет.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Талас облусунда тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тарабынан Жерүй алтын кенин иштетүүнүн максаттары жана артыкчылыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Шаршемби күнү мамагенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев, Каржы жана Экономика министрликтеринин өкүлдөрү Талас облусунун Манас жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары менен кезектеги жолугушуусун өткөрүштү.

"Восток-геолдобыча" ААК расмий өкүлү Базарбай Мамбетов тургундарды Жерүй кенин иштетүү боюнча план менен тааныштырып, алардын суроолоруна жооп берди.

Мындай жолугушуулар Талас облусунда май айынын тарта жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү тургундар Жерүй алтын кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздуктун сакталышынан күмөн санап, экономикалык жактан максатка ылайык келерине ишенишпегендиктен, кен казуу иштерине каршылык көрсөтүп келишет.

Жерүй алтындын запасы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда туруп, мамлекеттик маанидеги кен байлыктардын тизмесине кирет. 

Май айынын башында "Восток-геолдобыча" компаниясы сынакта Жерүй кенин иштетүү үчүн кен байлыктарды пайдалануу жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөөгө алуу укугун жеңип алган.

33
Белгилер:
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Базарбай Мамбетов, Дүйшөнбек Зилалиев, Жерүй, Талас
Тема боюнча
Геология агенттиги: Жерүй заманбап технологияларды колдонуу менен иштетилет
Жерүй боюнча доо арызды Эл аралык арбитраждык сотто кароо убактылуу токтотулду
"Восток геолдобыча" "Жерүй" боюнча алгачкы 10 миллион долларды которду
Пикирлер