Оң рулдуу машина. Архив

Унаа базары үч күн ичинде 772 оң рулдуу машина каттаган

70
(жаңыланган 10:38 05.06.2015)
Буга чейин каттоо бөлүмүндө июнь айынын башынан тарта 874 унаа катталганын, анын 58и гана сол рулдуу машина экендиги кабарланган.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. "Риом" унаа базарында 772 оң рулдуу авто катталганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет. 

Февраль айында президент Алмазбек Атамбаев КР аймагына оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 3-июнь Кыргызстанга киргизилген оң рулдуу автоунааларды каттоонун акыркы күнү деп белгиленген.

Буга чейин каттоо бөлүмүндө июнь айынын башынан тарта 874 унаа катталганын, анын 58и гана сол рулдуу машина экендиги кабарланган.

Базарда бардыгы болуп 825 унаа катталган, анын ичинен 53ү сол рулдуу. Бишкек шаары боюнча жалпы жолунан 1585 автоунаа каттоодон өткөн. 

Январь-март айларынын аралыгында Бишкекте 10 миң 717 унаа катталса, анын 6104ү оң, ал эми 4613ү сол рулдуу автоунаа болгон.

3-июнь күнү каттоо бөлүмү акыркы кардарды тейлеп, кечки саат сегизге чейин иштеген. 

Оң рулдуу автоунааларды КР аймагына киргизүүгө жана аларды каттоого тыюу салган мыйзам аталган автоунаалардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын азайтууга багытталган. Кыргызстандын аймагына коммуналдык, айыл чарба жана атайын унаалардын тышкаркы оң рулдуу автомашиналарды киргизүүгө тыюу салынган.

70
Белгилер:
Оң рулдуу автоунаа, Мамлекеттик каттоо кызматы, Бишкек
Тема боюнча
Оң рулдуу автоунааларды каттоо акыркы кардарга чейин жүргүзүлөт
Былтыр Чүйдө сол рулдууларга караганда оң рулдуу машиналар 2,5 эсе көп катталган
Өлкөдө 2016-жылдан баштап оң рулдуу автоунаалардын жүргүнчү ташуусуна тыюу салынат
Пикирлер