Коргоо жаатында биргелешкен пландар аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецназдын аскердик даярдоосу. Архив
Спецназдын аскердик даярдоосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында аскердик-техникалык кызматташуу, аскер кадрларын биргелешип даярдоо, абадан коргонуу бириккен системасынын чегиндеги өнөктөштүк сыяктуу маселелер талкууланып, аскер кадрларын биргеликте даярдоо чечими кабыл алынды.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Министрлер коргоо жаатында кызматташуу тууралуу бир пикирге келишип, кадрларды биргеликте даярдоо чечимин кабыл алышканын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирет. 

2-4-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин отуруму болуп өттү.

"Кант" авиабазасында кыргыз-орус машыгуулары жүрүүдө
Жыйында аскердик-техникалык кызматташуу, аскер кадрларын биргелешип даярдоо, абадан коргонуу бириккен системасынын чегиндеги өнөктөштүк сыяктуу маселелер талкууланып, аскер кадрларын биргеликте даярдоо чечими кабыл алынды. 

Катышуучулар 2016-жылга карата иш планын карап, анда эл аралык аскер оюндарын, "Жоокер шериктештиги-2015" машыгууларын, курсанттардын олимпиадасын өткөрүү ж.б., маселерди аныкталды.

Отурум жыйынтыгы менен 16 документке кол коюлду. Жыйында каралган маселелер Шериктештик аймагындагы мындан аркы аскердик кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

4-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында ЖККУ коргоо министрлер кеңешинин отуруму өз ишин баштады. Кыргыз делегациясын КР Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев жетектөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0