Чакиевге дагы эки берене боюнча айып коюлду

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРЧакиев Максат Жолдошбекович
Чакиев Максат Жолдошбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев 92 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалаганын ИИМ билдирген.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Пара берип кармалган Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Чакиевге кылмыш жаза кодексинин дагы эки беренеси боюнча айып коюлууда.

Буга чейин ИИМ Чакиевдин Бешинчи башкармалыктын кызматкерлерине "иштин оң жагына чечилиши үчүн жана кийинки текшерүүлөрдү токтотуу максатында" 92 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаганын маалымдаган. Чиновник экинчи ирет пара сунуштагандан кийин кармалган.

Иликтөө учурунда Бешинчи башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан "Маданият, маалымат жана туризм министрлигининин жетектөөчү кызматкери тарабынан жасалган кызматтык жасалмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактылары аныкталган деп айтылат билдирүүдө.

Пара берген маданият министринин орун басарын кармоо учуру
Чогултулган документтердин негизинде Башкы прокуратура кылмыш жаза кодексинин "Кызматтык жасалмалоо" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө ИИМ Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Учурда экс-чиновник Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-майга чейин камакка алынды.

Чакиевдин жактоочусу аны үй камагына чыгарууну талап кылып, беш күн аралыгында Бишкек шаардык сотуна доо арызы менен кайрыла турганын билдирген. 

ИИМ маалыматы боюнча Чакиев 2014-жылы чет элдик жарандын ишенимине кирип, туризм жаатында кызматташуу шылтоосу менен Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин туризм боюнча кеңешине мүчөлүгүн аныктаган жасалма тастыктама берген. Бул үчүн чет элдик жаран Чакиевди акчалай ыраазы кылмакчы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0