Крандан чыккан суу. Архив

Бишкекте 12-июндан тарта ысык суу берилет

20
(жаңыланган 10:26 05.06.2015)
Май айында Бишкектин 1 миң 818 көп кабаттуу үйүнө жылына өтүүчү оңдоо иштеринен улам ысык суу берүү токтотулган. Мындан улам 69 медициналык мекеме, 73 бала бакча жана 53 шаардык мектеп ысык суусуз калган.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. "Бишкекжылуулуктармактары" ААК ысык суу шаардыктарга 12-июндан тарта бериле баштарын Sputnik агенттигине компаниянын директору Михаил Курганов билдирди.

Май айында Бишкектин 1 миң 818 көп кабаттуу үйүнө жылына өтүүчү оңдоо иштеринен улам ысык суу берүү токтотулган.

Мындан тышкары, 69 медициналык мекеме, 73 бала бакча жана 53 шаардык мектеп ысык суусуз калган.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 12 медициналык мекемеге, 58 буу казандарына, 13 бала бакчага жана 36 мектепке ысык суу берүүнү токтоткон. Ишкананын балансында ысык суусуз отурган 563 мектеп бар.

20
Белгилер:
ысык суу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Май айында газга болгон тариф бир сомго арзандайт
Бишкектин батыш тарабында төрт күнгө газ өчүрүлөт
Пикирлер