Бишкек шаарынын мэриясы. Архив

Мэрия: Исаматованын эжеси менен 14 жашар баласы акимиаттын кызматкерине кол салышкан

50
(жаңыланган 15:18 05.06.2015)
Буга чейин Бишкектин тургуну уулун мэрия кызматкери Эркин Бахтияров тээп жибергенин билдирген.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Эркин Бахтияровго Назира Исаматова уулу экөө кол салышкан, акимиаттын кызматкери баланы урган эмес деген пикирин Бишкек шаарынын Сверлов райондук администрация башчысынын биринчи орун баласы Василий Красильников билдирди.

Буга чейин Бишкектин тургуну Назира Исаматова Sputnik кабарчысына анын уулун мэрия кызматкери Эркин Бахтияров тээп жибергенин билдирген. Окуяга "Чыгыш-5" кичирайонундагы базарда кулпунай сатуу себеп болгон. 

Красильниковдун айтуусу боюнча, Бахтияров Бишкек шаардык кеңешинин буйругунун жана мэриянын токтомунун негизинде "Улар" кичи базарындагы баш аламан соода-сатыкка жол бербөө боюнча өз ишин аткарып жаткан. 

"Мэрия кызматкери базардын түндүк тарабында баш аламан соода кылып жаткан адамдарды көргөн. Биринчи эскертүүдөн кийин соодагерлердин айрымдары соодасын токтотуп, ал жерди бошотушкан. Исаматова аттуу жаран гана мыйзамсыз соодасын уланта берген", — дейт ал.

Чиновниктин пикиринде, Бахтияров 40 мүнөт бою Исаматовага сооданы токтотуу керектигин түшүндүргөн. 

"Исаматова акимиат кызматкеринин дарегине орой сөздөрдү айтып, соодасын уланта берген. Жолду бошотуу максатында столду жылдырганда Исаматова столду көңтөрүп жиберген. Муну көргөн анын эжеси менен 14 жашар баласы чуркап келип Бахтияровду ур-тепкиге алышкан. Экспертизанын жыйынтыктары бар", — дейт Красильников.

Анын маалыматында, бул арада милиция чакырылып, ур-токмок токтотулган. Муниципалитет бул айтылгандарды окуяга күбө болгон ошол жердин тургундары, дүкөндүн кароолчусу жана айрым соодагерлер жазуу түрүндө тастыктап беришкенин кошумчалады.

Ал эми Исаматова окуя боюнча Свердлов РИИБине арыз жазганын, 14 жаштагы баласы соттук медэкспертизадан өткөнүн айтууда.

"Биз кулпунай сатып жатканбыз, бизден тышкары ал жерде башка соодагерлер да бар болчу. Мэриянын кызматкери келип, бул жерде соода кылууга болбой турганын эскертти. Колун таразадан алуусун айтсам, ал тескерисинче ого бетер басып, аны сындырып салды", — дейт Исаматова.

Соодагер Бахтияровдон кардарга кулпунай сатып бүткүчө күтө туруусун өтүнгөн. Бирок ага кулак салбаган мэрия кызматкери таразаны талкалап, уулун ичке тээп жибергенин Исаматова айтты.

50
Белгилер:
базар, Бишкек мэриясы, Василий Красильников, Эркин Бахтияров, Назира Исаматова, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштарга каршы пикет өтүп жатат
Пакистандык жаран 10 кыргызстандыкты алдап кетти деп шектелүүдө
Пикирлер