Пан Ги Мун 11-июнда Кыргызстанга келип Ошко да барат

© Фотохост-агентство. / Медиабанкка өтүүБУУнун башчысы Пан Ги Мун. Архив
БУУнун башчысы Пан Ги Мун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун башчысы Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүүсү боюнча доклад жасап, Ош шаарында жарандук коомдун өкүлдөрү менен жолугат.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Пан Ги Мун 11-июнда Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугат. Андан сырткары Ала-Арча резиденциясында өтө турган "Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги" деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, доклад жасайт. 

БУУнун башчысы андан сырткары Ош шаарына барып, жарандык коомдун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугат.

Пан Ги Мун Борбордук Азияга жасалган иш-сапарынын алкагында келе жатат. Ал бул сапардын алкагында Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын президенттери менен да жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0