Бала бакча. Архив

Башкы прокуратура 53 бала бакча имаратын мамлекеттин менчигине кайтарып берди

72
(жаңыланган 10:36 08.06.2015)
Кайтарылган объектилердин 26 жеке менчикке өтүп кетсе, 27 имарат туура эмес максатта пайдаланылган.

БИШКЕК, 7-июнь — Sputnik. Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттик менчигине мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 53 объектиси кайтарылганын БП маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1995-2012-жылдардын аралыгында бала бакча имараттарын мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча Башкы прокуратура 693 текшерүү жүргүзүп, натыйжада 51 кылмыш иши козголгон. 

"Иликтөө иштеринин нытайжасында кайтарылган объектилердин 26сы жеке менчикке өтүп, ал эми 27си туура эмес максатта пайдаланылып келгени аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө бала бакча мекемелеринин имаратын мамлекетке кайтаруу боюнча 80 доо арызын алардын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу караган эмес.

Кыргызстанда канча бала бакча иштейт? Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

72
Белгилер:
Башкы прокуратура, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, бала бакча, сот
Тема боюнча
Мечит, медреселерге жана министрликтердин менчигине айланган бала бакчалар
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

30
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

30
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды
Вакцина алып жаткан адамдар. Архив

Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды

15
(жаңыланган 13:41 01.08.2021)
Жалпысынан өлкөдө 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы маалым болду.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 17 194 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери 16 722 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 472си экинчи дозасы менен эмделген.

Жалпысынан Кыргызстанда 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөгө AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилген.

Андан мурда, тагыраагы, 11-июлда, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө башталган.

15
Белгилер:
Кыргызстан, вакцина, эмдөө, коронавирус, иммунитет
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет
АКШлык балбан Аделина Грей. Архив

Дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат! Айперинин атаандашы тууралуу эмне белгилүү

0
(жаңыланган 14:31 01.08.2021)
Кыргызстандык спортчу кыз Олимпиаданын жарым финалына чыкты. Алдыда аны өтө олуттуу атаандаш күтүп турат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиадалык оюндардын жарым финалында АКШлык Аделина Грей менен беттешет.

Америкалык спортчу дүйнөнүн беш жолку жана Панамерикалык мелдештердин бир нече жолку чемпиону. Денверде туулуп-өскөн, учурда 30 жашта.

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун кыз-келиндер күрөшү боюнча рейтингинде 76 килограмм салмак чени боюнча биринчи орунда турат. Медет кызы бул тизмеде азырынча сегизинчи баскычта.

Экинчи жарым финалда япониялык Хироэ Минагава Сузуки (UWW рейтингинде үчүнчү орунда) менен германиялык Aлин Роттер-Фоккен (экинчи орунда) чыгат. Белгилей кетсек, 2019-жылкы дүйнө чемпионатында Грей дал ушул япониялык спортчу менен беттешкен.

Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында АКШлык Грей Тунистен келген атаандашын 8:0, андан соң түркиялык Ясемин Адарды 6:4 эсебинде уткан.

0
Белгилер:
АКШ, Айпери Медет кызы, беттешүү, Олимпиадалык оюндар, Аделина Грей
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бали! Айпери Медет кызы олимпиада чемпионун утуп, жарым финалга чыкты
Эсеп 8:1. Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарындагы алгачкы беттешин жеңди