Дары-дармек менен камсыздоо департаменти мыйзамсыз түзүлгөн дейт депутат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДары-дармек. Архив
Дары-дармек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Калматов департаментти мамлекеттин балансына өткөрүп же таптакыр жоюу керектигин сунуштоодо.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыздоо департаменти мыйзамсыз түзүлгөнүн "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Анарбек Калматов ЖКнын  коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйынында билдирди.

"Чарба эсебиндеги ишканалар мамлекеттик органдарда түзүлбөшү керек. Бул боюнча өкмөттүн токтому бар экенине карабай департамент түзүлгөн. Ал азыр мамлекеттин ичиндеги мамлекет болуп саналат", — деди депутат.

Анын айтымында, Кыргызстан аймагына кирген дары-дармектин 99 пайызы кошумча нарк салыгынан бошотулган. 

"Биздеги дары-дармектин баасы коңшу өлкөлөргө Караганда кымбат. Андыктан аны же мамлекеттин балансына өткөрүп, же таптакыр жоюп салуу керек", — деди Калматов.

Эл өкүлдөрү бул маселени кийинки жыйында кароону чечишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0