НАТОнун жүктөрүн транзит менен Кыргызстан аркылуу ташуу келишими жаңыланууда

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАмериканские военнослужащие у транспортного самолета перед отправкой в Афганистан в аэропорту "Манас". Фото из архива.
Американские военнослужащие у транспортного самолета перед отправкой в Афганистан в аэропорту Манас. Фото из архива. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын 1-январында Афганистанда НАТОнун Resolute support жаңы альянсы ишке кирген. Ал аскерий эмес, Афганистандын коопсуздук күчтөрүнө кеңеш гана берет.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. НАТОнун жүктөрүн Кыргызстан аркылуу транзит менен ташуу боюнча келишим жаңыланып, ал мурдагы эле күчүндө калганын Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Акуналы Досалиев Sputnik сайтына билдирди.

НАТОнун Орто Азия мамлекеттери боюнча кызматташуу бөлүмүнүн кызматкери Александр Винников маалымат жыйында билдиргендей, 2015-жылдын 1-январында Афганистанда НАТОнун Resolute support жаңы альянсы ишке кирген. Ал аскерий эмес, Афганистандын коопсуздук күчтөрүнө кеңеш гана берет. 

Өткөн жылдын аягында НАТОнун башкы катчысы Кыргызстандын өкмөтүнө транзиттик жүктөрдү өлкө аймагы аркылуу ташуу боюнча келишимди узартуу өтүнүчү менен кайрылганын Винников белгиледи.

Майдын аягында ЖК тармактык комитети Коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрүнүн Кыргызстандын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу жүктөр боюнча КР өкмөтү менен НАТО ортосундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү боюнча протоколдун долбоорун жактырган. Анда Кыргызстан транзиттик аймак катары каралган. Аталган келишимди ЖКнын Эл аралык байланыштар боюнча комитети да карашы керек.

Досалиевдин айтымында, НАТО менен түзүлгөн мурдагы келишим узартылып жатат.

"Келишим ошол эле, болгону жаңыланып, күчүндө калды", — деди ал.

Чек ара кызматы Афганистандан НАТО күчтөрү кеткенден кийинки кооптуулукка даяр
Досалиев кара жол менен ташыла турчу жүктөрдүн салмагы 10 тоннадан ашпашы керектигин айтып, мындай талап, КРдин мыйзамы менен бекитилгенин кошумчалады. 

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Темир жол жана автомобиль транспорт башкармалыгынын жетекчиси Адылбек Акматов учурда келишимдин аталышына бир аз тактоо киргизилип жатканын билдирди. 

"Мурдагы келишимдин аталышындагы "Коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрү" деген сөздү кыска эле НАТО деп эле атоо киргизилүүдө. Калган беренелери ошол бойдон калды", — деди Акматов.

Анын айтымында, жүктөр келишимге 2012-жылы кол коюлгандан тарта эле ташыла баштаган. Аталган келишимдин 9-беренесинде "жүктү Кыргызстандын аймагы аркылуу кыргызстандык жүк ташуучулар ташыйт" деп белгиленгенин Акматов кошумчалады.

Башкы штаб: НАТО аскердик инфраструктурасын Россиянын чек арасын көздөй жылдырууда
Ал ошондой эле, жүктөрдү ташуу азыр деле улантылып жатканын айтып, келишим үзгүлтүккө учурабаганын белгиледи.

Кыргызстандын Бажы кызматында көп жылдан бери иштеп жүргөн көздөй булактын айтымында, НАТОнун жүктөрү Афганистан – Тажикстан – Кыргызстан – Казакстан – Россия жол каттамы менен ташылган.

Кыргызстандын жүк ташуучу фирмалары аталган жүктөр оор жана шарттары пайдасыз болгондуктан аны ташуудан баш тарткан.

"Биздин жүк ташуучулардын техникасы эски болгондуктан бат эле талкаланып калган. Мындай жүктөрдү ташуу алар үчүн пайдасыз болгон", — деди булак.

Андыктан жүктү Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандын жүк ташуучулары ташыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0