ӨКМ: бүгүн, эртең Кыргызстан боюнча жамгыр, кар жаап, катуу шамал коштойт

© Sputnik / Леся Полякова / Медиабанкка өтүүКол чатырча кармаган кыз. Архив
Кол чатырча кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек аймагы боюнча аба ырайы кайрадан бузулуп, тоолуу аймактарда кар түшүп, шамалдын ылдымдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. 9-10-июнда аба ырайы бузулуп, жамгыр жаап, шамал менен коштолору жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  шашылыш билдирүү таратты. Маалымат кызматынын билдиришинче,  бүгүн айрым жерлердер жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

"9-10-июнда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, 9-июнда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Бороон-чапкын шаардыктардын шаштысын алды
Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында + 20…+25°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында + 13…+18°, бийик тоолуу райондордо —0…5° жылуулукка чейин болушу күтүлөт. 

Бишкек шаарында 8-июнда болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 27 метрге жеткендигин ӨКМ билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0