Шамалдан жабыркаган жаңы конуштун тургундарына өкмөт жардам берет

© Sputnik / Данияр СандыбаевЖыгылган дарак. Архив
Жыгылган дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаратылыш кырсыгы келтирген чыгымдар эсептелүүдө. Жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте берилет.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Шамалдан үйлөрү жабыркаган жаңы конуштун тургундарына жардам бериле турганын мэриянын өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди.

Дүйшөмбү күнү кечинде Бишкек шаарында болгон катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бактар кулап, автоунааларды басып калган болчу.

Мэриянын өкүлдөрүнүн айтымында, өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга жардам кандай шартта бериле тургандыгы боюнча өкмөттүн токтому бар. 

"Жаңы конуштарда жабыркаган үйлөргө өкмөт жардам берет. Жардам ӨКМ менен биргеликте көрсөтүлөт. Учурда келтирилген чыгымдарды эсептөө боюнча атайын топ иштеп жатат. "Манас-Ордо" жаңы конушунда 30дай үй зыян тарткан", — деди Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев.

Ошондой эле автоунааларга кулап түшкөн жарнамалык такталардын ээлери келтирилген чыгымды төлөп берерин маалымат жыйындын катышуучулары билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0