БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. Кыргызстан – Австралия оюнуна билеттер 11-июндан тарта сатыла баштарын КР футбол федерациясы билдирди. Буга чейин федерациянын маркетинг боюнча директору Анна Осмоналиева Sputnik агенттигине билеттер сатыкка 9-июнда чыгат деп маалымдаган.
"Билеттерди басып чыгара турган басмакананын техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам билеттер 11-июнь күнү саат 14.00дө сатыкка чыгат", — деп айтылат билдирүүдө.
2015-жылдын июнь айынан баштап үч жылдан кийин Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына карата Азиянын экинчи тандоо турнири башталат.
КР курамасы В тайпасына кирди. Кыргызстандыктар Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладештин командалары менен ат салышат. Австралия менен алгачкы беттешүү 16-июнда Бишкекте өтөт. Ага чейин футболчулар Бангладеште жергиликтүү команда менен оюн өткөрөт.
Осмоналиеванын айтымында, саттыкка бардыгы болуп 18 миң 338 билет коюлат. Бир билеттин баасы 150 сомдон 500 сомго чейин болушу күтүлүүдө.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.
Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.
Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Зомбулукка кабылган адам ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбеши үчүн кандай аракеттерди кылышы керектигин Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору айтып берди.
Мекеменин эксперттерге таянып тараткан кеңешине ылайык, зөөкүр менен жалгыз калганда эң башкысы аман калуунун жана азыраак зыян тартуунун аракетин көрүү зарыл.
"Урушуп, талашуудан качып, айтканы менен болуп алдап көрүңүз. Ага да болбосо качыңыз, бирок шек алдырбаңыз. Анан милицияга чалыңыз же көчөдөгү элге кайрылыңыз. Окуя болгон жерге медиктерди да чакыртып, жаракаттарды каттатып калуу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң.
Буга чейин зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор үчүн аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктардын номерлери тизмектелген.