Бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилет

© Sputnik / Лев Иванов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу, адабияттын алпы, Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу, адабияттын алпы, Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгондугуна бүгүн жети жыл болду

БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. Бүгүн, 10-июнда улуу жазуучу, адабияттын алпы, Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматов эскерилип, Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги маркумдун сөөгү жаткан жайга гүл коюлуп, Куран окулат. 

Жазуучуну эскерүүгө коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, окумуштуулар, анын талантын урматтаган жарандар катышат.

Мындан жети жыл мурда, 2008-жылы Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберг шаарындагы клиникалардын биринде оорудан каза болуп, 13-июнда Кыргызстанда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0