ЖРТ өтүүгө экинчи мүмкүнчүлүк берилет

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖРТга катталып, бирок түрдүү себептер менен ага катыша албай калгандар кийинки каттоодон өтүп, тестке киргизилерин министрлик билдирет. Ал эми 2015-жылы ЖРТдан дисквалификациялангандар тестке катыша албайт.

БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөгө катышпай калган абитуриенттерге 20-июнда ЖРТ тапшырууга мүмкүнчүлүк берилерин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. ЖРТ 2015-жылдын 19-23-май күндөрү өткөн. Бирок, бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары түрдүү себептер менен ага катыша албай калышкан. 

Сынак тапшырып аткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 упайдан кем алгандар ЖОЖго өтпөйт
Тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында 20-июнь күнү өтөт. Бул тестке катталуу (кайра катталуу) 10-18-июнь күндөрү Бишкектеги №24 орто мектепте жана Оштогу шаардык билим берүү бөлүмүндө жүрөт. Кийинки тестирлөөдөн 2015-жылы ЖРТга катышпагандар гана өтүүгө укуктуу. 

Министрлик 2015-жылкы ЖРТ катталып, бирок түрдүү себептер менен ага катыша албай калгандар кийинки каттоодон өтүп, тестке киргизилерин билдирет. Ал эми 2015-жылы ЖРТдан дисквалификациялангандар тестке катыша албайт.

Тестирлөө кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0