Кыргызстанда жол кырсыгы азайды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ Жол кайгуул кызматкери компьютерде. Архив
ИИМ Жол кайгуул кызматкери компьютерде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кайгуул кызматы жол кырсыгынын, каза болгон жана жабыркагандардын саны азайганын билдирет.

БИШКЕК, 10 июн — Sputnik. Акыркы беш айдын ичинде Кыргызстанда жол кырсыгынан жабыркагандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу кыскарганын ИИМ Жол кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу жол кырсыгы 1,9 пайызга же 49га азайган. 

Өлгөн адамдардын саны 9,8 пайызга же 36га, ал эми жабыркагандар 2,9 пайызга же 105ке кыскарган. 

Мындан тышкары, бул жылдагы беш айдын статистикасы балдар катышкан 457 жол кырсыгы катталганын, 25 бала каза болуп, 512 бала жабыр тартканын билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0