БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы жабыр тарткан дүкөндөр менен автоунаа ээлерине келтирилген зыянды эсептеп жаткандыгы туурасында Sputnik кабарчысына компаниядан билдиришти.
Дүйшөмүдө Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн аймагында салынган суу түтүгү жарылып кеткен. Андан атылып чыккан суунун бийиктиги алты кабаттуу үйдүн төбөсүнө жеткен.
Samsung дүкөнүнө ээлик кылуучу Ultra компаниясынын өкүлү Эмиль Дурдин белгилегендей, түтүктүн жарылышы алып келген зыян алдын ала эсептөөлөр боюнча 300 миң долларды түзөт.
"Баалоо комиссиясы биздин мүлк боюнча акыркы сумманы эсептеп жатат. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы чыгашанын ордун төлөп берүүгө милдеттенүүдө", — деди Дурдин.
Ал күнүмдүк тиричилик техникасы сатылуучу дүкөн эч эрежелерди бузуусуз курулгандыгын белгилеп, авария болгонуна "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы толук жооптуу экендигин айтты.
"Биздин билишибизче, авариялуу кырдаал пайда болбошу үчүн бардык коммуникациялар бетон кутулар менен жабылышы керек. Ал жерде мындай калканыч жок болуп чыкты", — деди жабыр тарткан дүкөндүн өкүлү.
"Народный" соода борборунун өкүлү Сергей Фабрикантовдун айтымында, авариядан супермаркетке келтирилген зыян боюнча экспертиза жүрүп жатат.
"Компаниянын адистери "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын өкүлдөрү менен бирге иштеп жатат. Келтирилген зыяндын толук көлөмүн биз азырынча билбейбиз", — деди Фабрикантов.
Ал компания "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын үстүнөн сотко арыз берүү маселесин карай электигин билдирди.
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын директору Эркин Абдыкалыков кабарлагандай, бардык жабыр тарткан автоунаалар келтирилген зыянды баалап аныктоо үчүн компаниянын унаа токтоочу жайына жеткирилген.
"Машина ээлери менен биз жолуктук, азыр аларды кандайча калыбына келтирүүнү чечип жатабыз", — деди компания башчысы.
ААК суунун атылышынан катуу жабыр тарткан Ахунбаев көчөсүндөгү №94/1 турак үйүнүн фасадын да кайра калыбына келтирет.Жабыркаган "Народный", Samsung жана "Форум" дүкөндөрүнүн мүлкүнө келтирилген зыянды баалоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, ал жабыр тарткан тарап менен бирге керектен чыккан мүлктүн жалпы баасын эсептеп чыгат.
Авариянын натыйжасында үч батирди суу каптап, дагы төрт батирдин айнеги талкаланган, "Народный" соода борбору, Samsung дүкөнү жана "Форум" эмерек салонуна зыян келтирилген. "Народный" соода борборунун жабуусу түшүп калган. Ошондой эле авариядан бир BMW, эки Toyota Ipsum жана бир Volkswagen Passat автоунаалары жабыркаган.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди.
Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан.
Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган.
"Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Азыр өрт толугу менен өчө элек. Адатта текстиль материалдары кеч өчөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.
Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жааматтык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болгон мамлекеттер "Массалык жок кылуучу куралдардын жаңы түрлөрүн жана ошондой куралдардын жаңы системаларын өндүрүү жана иштеп чыгууну тыюу салуу жөнүндө" бирдиктүү билдирүүнү кабыл алышты.
"Аталган уюмга мүчө болгон мамлекеттер мындай маанилүү документтерди макулдашуу учурдун талабы экендигин белгилешет. Анткени эл аралык жана аймактык коопсуздук үчүн учурда жаңы чакырыктар пайда болууда. Алардын арасында массалык жок кылуучу куралдардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушу, түрдүү курал-жарактардын космос мейкиндигинде жүрүүсү, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын деструктивдүү багытта колдонулушу, коркунучтуу куралдардын террордук топ же уюмдардын колуна тийип калганы да бар. Андан сырткары, илимий-техникалык прогресстин аркасында трансулуттук корпорация, мамлекеттик эмес субъектилердин ролу да жогорулоодо. Мунун баары жыйынтыктуу чечимдерди кабыл алып, Бириккен Улуттар Уюмунун системасындагы тармактык органдар жана Куралсыздандыруу боюнча конфреренция менен өз убагында иш-аракеттерди биргеликте көрүүгө мажбур кылууда", — деп жазылат билдирүүдө.
ЖККУнун мүчөлөрү абалды мындан ары көзөмөлдөөгө үндөп зарыл болгон сунуштарды иштеп чыгууга чакырат жана буга чейин БУУнун Генералдык Ассамблеясы кабыл алган үч жылдык резолюциясын колдойт.