Борбордук ЗАГС убактылуу этно-комплекске көчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук ЗАГС имараты. Архив
Борбордук ЗАГС имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар никеге туруу арызын да, нике каттоону да жаңы дарек боюнча жүргүзө алышарын белгилейт.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Борбордук ЗАГС башка жакка көчүрүлгөнүн Sputnik агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) билдирди.

Бакыт үйүн оңдоо иштери үч айга созулат
Борбордук ЗАГС дүйшөмбү күнү капиталдык ремонтко жабылды. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштери 28 жылдан бери биринчи жолу өткөрүлгөнү турат. МКК жетекчилиги Бакыт үйүнүн имаратын оңдоо иштерин каржылоо үчүн эл аралык уюм менен макулдашууга жетишкенин кабарлаган. Ремонт үч айга созулат.

Эми никеге туруу үчүн Горький көчөсүндө (Шабдан баатыр көчөсү менен кесилишет) жайгашкан "Дасмия" этно-компексинде кайрылууга болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар никеге туруу арызын да, нике каттоону да көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзө алышарын белгиледи. "Дасмия" менен байланышуу жолдору эмки жумада маалымдалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0