Сариев менен Пан Ги Мун Ош окуяларынын курмандыктарын эскеришти

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев жана БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Мун Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюшту.
Премьер-министр Темир Сариев жана БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Мун Ош шаарындагы Энелердин көз жашы мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюшту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун башкы катчысы менен кыргыз өкмөт башчысы Ош шаарында мындан беш жыл мурда болгон коогалаңдуу окуянын курмандыктарын эскеришти.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев жана БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Мун Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюшту.

Митинг-реквиемдин алдында 2010-жылдын июнь окуяларында курман болгондорду эскерилип, аза күтүү мүнөтү жарыяланды.

Темир Сариев чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, ар бир жаран бүткүл өлкөдөгү Кыргызстандагы тынчтыкты, бейкуттукту жана өнүгүнүү сактоо үчүн өзүнүн салымын кошууга милдеттүү экендигин белгиледи.

"Июнь окуясынын "жарасын" акырындык менен айыктырууга далалат кылып келебиз. Ал окуялар учурунда жабыр тарткан шаарларды калыбына келтирүүгө, үй-жайсыз калгандарды турак-жай менен камсыз кылууга аракет жумшадык. Бул иштерде айрым мүчүлүштүктөргө жол берилгени боюнча айрым наарызылыктар бар. Биз аларды акыр-аягына чейин териштирип, тиешелүү баа беришибиз зарыл", — деди Сариев.

Сариев анткен менен, канча үй куруп, шаарды канча калыбына келтирбейли, каргалашуу күндөрдө жоготкон мекендештерибизди кайтарып ала албайбыз деп, алардын өмүрүнө эч бир нерсе татыбасын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0