ЕАЭБде насвайга тыюу салынышы мүмкүн

© Sputnik / Данияр СандыбаевНасвай. Архив
Насвай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насвай онкологиялык ооруларга себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. РФтин Саламаттык сактоо министрлиги Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында насвайга тыюу салуу жөнүндө ЕАЭБ комиссиясына сунуш киргизди деп билдирет РИА Новости министрликтин маалымат катчысы Олег Салагайга таянуу менен.

Насвайга тооктун заңы кошулбаса да ооз рагына алып келет
Анын айтымында, министрлик мындай пикирге насвайдын ден соолукка тийгизген таасири туурасында маалыматты иликтеп чыккандан кийин келген: окумуштуулар мындай тамеки онкологиялык ооруларга алып келиши мүмкүндүгүн далилдешти. 

Насвайга тыюу салуу аны ташып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга болбой тургандыгын билдирет. Документке Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин Саламаттык сактоо министрликтери кол койду. 

Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылдын май айында Астанада ЕАЭБ түзүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Армения да үстүдөгү жылдын башында ЕАЭБге кошулду. Ал эми 8-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин биринчи саммитинде КРдин ЕАЭБге кошулушу жөнүндө документтерге кол коюлган. Аларды ратификациялоо талап кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0