БУУнун башкы катчысынын жубайына Ошто кыз ала качууну көрсөтүштү

© пресс-служба мэрии г. ОшБУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун жубайы Пан Сун Дек “Сулайман-Тоо” менен таанышты.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун жубайы Пан Сун Дек “Сулайман-Тоо” менен таанышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында БУУнун башкы катчысынын жубайы Пан Сун Дек шаардын маданияты менен таанышып, өзүнүн таасирлерин эстелик китепчеге жазып калтырды.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Ош шаарына келген Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун жубайы Пан Сун Дек ЮНЕСКОнун ыйык мурастар тизмесине кирген "Сулайман-Тоо" комплексинде болду. 

Ал жерден шаар жаштары тарабынан даярдалган концерттик программа, кыз ала качуунун терс көрүнүштөрүн чагылдырган эпизод көрсөтүлдү. 

© пресс-служба мэрии г. ОшПан Ги Мундун жубайы Пан Сун жана КРдин министри Эльвира Сариева ЮНЕСКОнун ыйык мурастар тизмесине кирген "Сулайман-Тоо" комплексинде болду.
1/3
Пан Ги Мундун жубайы Пан Сун жана КРдин министри Эльвира Сариева ЮНЕСКОнун ыйык мурастар тизмесине кирген "Сулайман-Тоо" комплексинде болду.
© пресс-служба мэрии г. ОшАлар "Үңкүр" музейине барып, сакталып турган кыргыздардын улуттук кийимдери менен таанышты.
2/3
Алар "Үңкүр" музейине барып, сакталып турган кыргыздардын улуттук кийимдери менен таанышты.
© пресс-служба мэрии г. ОшПан Сун Дек айым "Сулайман-Тоо" археологиялык музейинин ардактуу жаран китепчесине каалоо-тилектерин жазды.
3/3
Пан Сун Дек айым "Сулайман-Тоо" археологиялык музейинин ардактуу жаран китепчесине каалоо-тилектерин жазды.
1/3
Пан Ги Мундун жубайы Пан Сун жана КРдин министри Эльвира Сариева ЮНЕСКОнун ыйык мурастар тизмесине кирген "Сулайман-Тоо" комплексинде болду.
2/3
Алар "Үңкүр" музейине барып, сакталып турган кыргыздардын улуттук кийимдери менен таанышты.
3/3
Пан Сун Дек айым "Сулайман-Тоо" археологиялык музейинин ардактуу жаран китепчесине каалоо-тилектерин жазды.

БУУнун башкы катчысынын жубайы алгач Сулайман-Тоодогу  "Үңкүр" музейине барып, ал жерде сакталып турган кыргыздардын улуттук кийимдери, турмуш-тиричиликке пайдалануучу буюмдары менен таанышты. Аны КРдин билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева коштоп жүрдү.

Ошто болуучу сапарында Пан Ги Мун алгач өкмөт башчысы Сариев менен жолугат
Пан Сун Дек айым "Сулайман-Тоо" археологиялык музейинин ардактуу жаран китепчесине "Кыргызстанга жасаган бул иш сапарымда Кыргызстан жана Кыргызстандын маданияты тууралуу көптөгөн жакшы нерселерди үйрөндүм. Мындан ары Кыргызстанга баардык жакшылыктарды каалайм", — деген кол жазмасын калтырды. 

Белгилей кетсек, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун мырза Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарына келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0