Ош-Тамчы аба каттамы июль айынан баштап ишке кирет

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүAirbus A330 самолету. Архив
Airbus A330 самолету. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын салонуна 99 жүргүнчү батат. Каттам аталган багыт боюнча 24-октябрга чейин жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Кыргызстан авиакомпаниясы 3-июлдан тарта Ош-Тамчы аба каттамын ишке киргизе турганын Sputnik агенттигине Tez JET компаниясы билдирди.

Аэропорт Манастын техникалык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Белгород аба каттамы калыбына келтирилди
Маалыматка ылайык, аптанын жума жана жекшемби күндөрү Ош облусунан Ысык-Көлгө эки каттам болот. Бир багытка карай каттамдын билет баасы 2,6 миң сомдон жогору болушу күтүлүүдө. 

Ош-Тамчы-Ош аба каттамын BAЕ 146-200 (BritishAerospaceSystems) учагы тейлейт. Учак салонуна 99 жүргүнчү батат.

Компания учактары аталган багыт боюнча 24-октябрга чейин учат.

Жаңылыктар түрмөгү
0