"Ислам мамлекетинин" катарында кыргыз жаш балдар жүрөт деген маалымат текшерилет

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтернет айдыңына Твиттер колдонуучусу Joanna Paraszczukтун бети. Архив
Интернет айдыңына Твиттер колдонуучусу Joanna Paraszczukтун бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке радикалдык уюмдун аймагында жүргөн кыргыз балдар туурасында сүрөттөр жарыяланды.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Ирак жана Сирия аймагында "Ислам мамлекетинин" катарында кыргыз жаш балдар жүрөт деген маалымат текшерилет деп УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Интернет айдыңына Твитер колдонуучусу Joanna Paraszczuk (@joaska_) кыргыздарга түспөлдөш балдарды сүрөтүн коюп, "Ирактагы "ИМ" армиясынын катарындагы кыргыз балдары" деген пост жазган. 

"Аны текшериш керек. Бизге түспөлдөш дагы башка дагы бир нече улуттун өкүлдөрү жүрөт. Бул тактай турган маселе", — деди УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов.

Сириядагы Маалюля шаарындагы балдар аянтчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириядагы согуш болуп жаткан аймактарда онго жакын кыргызстандык кичине балдар бар
Буга чейин "Ислам мамлекети" радикалык уюму өзүнүн өкүмүн жүргүзүп жаткан аймактарда алдын ала алынган маалыматтарда Кыргызстандык онго жакын жаш бала бар экендигин айтылган. 

УКМК Кыргызстандан "Ислам мамлекети" радикалдык уюмун көздөп, жихад деген тайкы түшүнүк менен аттангандар бала-чакасын кошо ала кеткендигин билдирген. 

Учурда Сирия, Ирак аймактарындагы чыр-чатактарга катышуу үчүн расмий маалыматтарда Кыргызстандан 330 адам чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0