Атамбаев Россиянын элине бакыт жана өнүгүү каалады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаарында өткөн концерт. Архив
Москва шаарында өткөн концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрам көбүрөөк мекенчилдик мүнөз алып, Россия элдеринин улуттук биримдигинин символу катары болуп келет деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев РФ президенти Владимир Путинди Россиянын күнү менен куттуктаганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Россиянын желеги. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ошто Кыргызстан жана Россия элдеринин тарыхы талкууланат
1990-жылы 12-июнда Россиянын Социалдык Федеративдик Советтик Республикасынын эл депутаттарынын биринчи сьездинде Россияны эгемендүү мамлекет деп жарыялоо жөнүндө декларация кабыл алынган. Ошого ылайык, "Россиянын күнүн" майрамдоо 2002-жылы дал ушул күнгө бекитилген.

Атамбаев Путинди мамлекеттик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: "Россияны эгемендүү мамлекет деп жарыялоо жөнүндө декларация кабыл алынгандан бери өлкө өнүгүүнүн жаңы багытына түштү. Ошондой эле кыргыз-орус мамилесинин эки тараптуу өнүгүшүнө жакшы таасир берди".

Майрам көбүрөөк мекенчилдик мүнөз алып, Россия элдеринин улуттук биримдигинин символу катары болуп келет деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0