Японияда үч миң долларлык кара дарбыздар өстүрүлүүдө

© flickr.com / [puamelia]"Дэнсуке" кара дарбызы. Архив
Дэнсуке кара дарбызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарбыздын "дэнсуке" деп аталган бул түрү кадимки дарбыздан капкара кабыгы менен айырмаланып турат. Салмагы 5-7 килограммдык бул бакча өсүмдүгүн көпчүлүк бири-бирине белек кылуу үчүн алышат.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. "Дэнсуке" кара дарбызы быйылкы түшүмдүн эсебинен Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралындагы Асахикава шаарында өткөн алгачкы аукциондо 350 миң иенге (2845 доллар) сатылганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Кыргызстандын таттуу балы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын балын түштүк кореялыктар да татышты
"Дэнсуке" Хоккайдодогу Тома шаарчасында өстүрүлүп, кадимки дарбыздан капкара кабыгы менен айырмаланып турат. Бул бакча өсүмдүгү атайы кара үкөктөргө салынып, сыртына түсү жазылып, анан сатыкка чыгарылат. Мындай дарбыздар Тома шаарында 1980-жылдардын ортосунда аз түшүм алынган күрүчтүн ордун жабуу үчүн өстүрүлгөн. Мындан улам сорттун аталышы да "күрүч талаасы" жана "жардам" деген эки иероглифтен турат жана салмагы 5-7 килограммга чейин жетет.

Сезон учурунда "дэнсукени" дүкөндөрдөн 50 долларга алууга болот. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, мындай дарбыздар белек катары жакшы өтүүдө.

"Дэнсукенин" аукциондо 650 миң иенге, бүгүнкү курс менен алганда 5,3 миң долларга сатылганы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0