Баткен облусунун Чек айылында жаңы спорт сарайы ишке берилди

© Диляра ПарпиеваБаткен районундагы Чек айылында жаңы спорттук зал ишке берилди.
Баткен районундагы Чек айылында жаңы спорттук зал ишке берилди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек айылында 1 300дөй үй-бүлө жашайт, жалпысынан 4 651 киши. Калктын 60 пайызын жаштар түзөт.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Баткен районундагы Чек айылында жаңы спорт зал ишке берилгенин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү билдирди.

Жаңы имараттын ишке берилиши менен өлкө башчынын куттуктоосун президенттин аппаратынын өкүлү Жаркынбек Максутов окуп берип, 300 миң сом жана спорт инвентарларын тапшырды. 

Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Австралия футбол оюну жаңы прожекторлордун жарыгы алдында өтөт
Чек айылындагы спорт залдын курулушу 2014-жылдын апрель айында башталып, быйыл май айында бүткөрүлдү. Спорт залдын долбоорунун жалпы баасы 14,7 млн. сомду түзүп, анын ичинен эл жарым миллион сомдон ашыгын өздөрү чогултуп берген, айыл өкмөтү тарабынан 766 миң сомго залдын айланасы темир тосмо менен тосулуп, брусчатка төшөлгөн. Спорт залдын ичинин жалпы аянты 558 чарчы метр. Ички шарттар толук түзүлүп, кичи футбол, баскетбол, волейбол, теннис ойносо болот. Суу түтүктөрү жана жылытуу системасы орнотулган.

Баткен облусу боюнча өкмөттүн өкүлү Жеңиш Разаков бүгүнкү күндө облус боюнча 40 спорт аянтчасы жана 14 спорт залдары иштеп жаткандыгын айтты. 

Чек айылында 1 300дөй үй-бүлө жашайт, жалпысынан 4 651 киши. Калктын 60 пайызын жаштар түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0